Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Коркуу, жалкоотой болуу, жалкып калуу, жүрөк заада болуу. Эзелден жүрөк үшүп, жалкоотой болгон кургурлар... бүлүк түшүп калар эле (Элебаев). Батийна тигил сейпейген сары чийкил баланы көргөндө жүрөгү үшүй түшүп, шуу үшкүрүндү (Сыдыкбеков). Ошол алсыздыгымдан жүрөгүм үшүп, коркуп турам (Акматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Коркуу, жалкоотой болуу, жалкып калуу, жүрөк заада болуу. Эзелден жүрөк үшүп, жалкоотой болгон кургурлар... бүлүк түшүп калар эле (Элебаев). Каракчылардан кербенчилердин жүрөгү үшүп бүткөн (Абдукаримов). Камканын жамандыкка үшүгөн жүрөгү көөдөнүн ургулап, зээни кейиди (Сыдыкбеков). Батийна тигил сейпейген сары чийкил баланы көргөндө Жүрөгү үшүй түшүп, шуу үшкүрүндү (Сыдыкбеков). Ошол алсыздыгымдан жүрөгүм үшүп, коркуп турам (Акматов).